Кыргызстанда 150 миң үй камсыздандырылган

26.09.2024 | 09:25

Кыргызстанда 150 миң турак жай камсыздандырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди.

Анын айтымында, турак жайларды камсыздандыруу боюнча алдыда Жалал-Абад облусу, андан кийин Ош, Талас, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустары турат. Чүй менен Бишкекте тургундар турак жайын көп камсыздандырбайт.

Белгилей кетсек, шаар жерлеринде турак үйдү 1 жылга камсыздандыруу 1200 сом, айыл жергесинде 600 сом турат.

Scroll to Top