Министр мигранттардын маселесин чечүү тууралуу: Россия менен тең ата сүйлөшүү керек

Министр мигранттардын маселесин чечүү тууралуу: Россия менен тең ата сүйлөшүү керек

Эмгек мигранттардын маселесин чечүү үчүн Россия менен тең ата сүйлөшүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Комитеттин жыйынында Россияда эмгектенип жаткан кыргызстандык жарандар туш болгон көйгөйлөр тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Кулубаев бул маселени чечүү үчүн маселени кабыргасынан коюп, Россия менен тең ата сүйлөшүү керектигин айтты.

«Биз мамлекет катары орус тарап менен негиздүү сүйлөшүшүбүз керек. Биздин келечегибиз кандай болорун, биздин жумушчулар аларга «керекпи же кереги жокпу?» деп сүйлөшүү керек. Суроону кабыргасынан коюш керек болуп жатат. Анткени биз сурана берсек, алар колубузду толгоп кайра кетирип жатат да. Тең ата сүйлөшүшүбүз керек. Бизде бир рычаг бар: биз ЕАЭБдин мүчөсүбүз. Биз уюмга мүчө болгондон кийин ошого жараша шарттар болушу керек. Жакын арада чоң жолугушуу өткөрүп, келечегибиз кандай болору тууралуу сүйлөшүш керек болуп жатат. Негизги ушул маселени чечсек, калган маселелерди сүйлөшүп алса болот», — деди министр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>