“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр кирди

01.10.2024 | 14:07

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеш 19-сентябрда кабыл алган мыйзамдарга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр:

– анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандарынан добуш берүү укугу алынып салууда;

– эгерде талапкер мамлекеттик же муниципалдык ишкананын жетекчиси болсо, талапкерлигин көрсөткөн учурдан тартып шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат;

– эгерде талапкер мамлекеттик саясий кызматчы болсо, талапкерлигин көрсөткөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочуларды маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү жогорулатуу бөлүгүндө шайлоо комиссияларга жана маалыматтык материалдарга кошумча талаптар белгиленүүдө;

– кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө байланыштуу жана (же) администрациялык-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылган учурда президент жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону  шайлоо күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен дайындайт;

– жергиликтүү бийликтин аткаруу органы тарабынан эмгек келишиминин (контракттын) негизинде жумушка алынган кызматкер жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт.

Scroll to Top