Инсталляциялар, куймактар, концерттер жана мастер-класстар. «Евразия» паркында Масленица кандай белгиленди?Салык кызматы маркетплейстерде соода жүргүзүү үчүн электрондук эсеп-фактуралардын атайын форматын киргиздиБишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантат
Бишкекте аз камсыз болгон 3 миң 802 кары адамга жардам көрсөтүлдү
02.10.2024 | 09:23
1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте аз камсыз болгон 3 миң 802 кары адамга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Аларга акчалай жардам көрсөтүлүп, 4 млн 528,2 миң сом жумшалган. Акчалар почта бөлүмдөрү аркылуу берилген.
Кылым жашка жеткен жана андан улуу кары ата-апаларга акчалай жардам менен бирге азык-түлүктөр тапшырылган. Райондордун акимчилигинин жетекчилиги алардын үйүнө барып, кабар алып келген.
Аны менен бирге 50 жана ашык жылдан бери бирге түтүн булатып келе жаткан 114 жуп үчүн Бакыт өргөөсүндө салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, акчалай жардам көрсөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом