Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Бишкекте топ адамдар шаар тургунун сабап, унаасын тартып алып, $47 миң опузалаган
03.10.2024 | 16:27
Бишкекте шаар тургунунан 47 миң доллар опузалоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалым болгондой, сентябрдын аяктарында милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, “Аю грант” соода борборунун жанында топ адамдар аны ур-тепкиге алып, “Хундай” унаасын тартып алган. Андан тышкары 47,3 мин доллар талап кылышкан. Акчаны бербесе сабап кетерин айтып коркутушкан.
Аталган факт боюнча “опузалап акча талап кылуу” беренеси менен кылмыш иш козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 42 жаштагы жаран (Т.М.) кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.