Кара-Кулжада 68 млн сомго мектептин жаңы имараты ачылды

Кара-Кулжада 68 млн сомго мектептин жаңы имараты ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Кара-Кулжа районундагы Алайку айыл өкмөтүнүн Кан-Коргон айылында жайгашкан Жусуп Мамыр атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

МинКаб башчысы бул сыяктуу жаңы мектептер акыркы үч жылда Кыргызстандын бардык аймактарына биринен сала экинчиси курулуп жатканын айтты. Алсак, 315 жаңы мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объекттери салынган.  Анын ичинде Ош областында 73 мектеп, Жалал-Абад областында 38 мектеп курулуп пайдаланууга берилгенин белгилеген Акылбек Жапаров, мынчалык көп социалдык обьектилерди курууга мамлекеттин казынасы толуп, экономикасы өсүп жатканы себеп болгонун кошумчалады.

МинКаб башчысы ички дүң продукциянын өсүү темпи 8,7%га, Кумтөрдү кошпогондо 10,6%га өсүшкө чыкканын, номиналдык жактан ИДПнын көлөмү 2023-жылы 1,2 трлн сомдон ашса, быйыл 1,5 трлнго болжолдонуп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, 225 орундуу мектептин сметалык баасы 68 млн. сомду түзгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>