10 жашар кызды сүзүп кеткен “Лексустун” айдоочусу кармалды

10 жашар кызды сүзүп кеткен “Лексустун” айдоочусу кармалды

Арча-Бешик конушунда кечээ 10 жаштагы кызды сүзүп кеткен “Лексус” унаасынын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

4-октябрь күнү кечинде Эртайлак көчөсү менен чыгыш тарапка бара жаткан “Лексус 470” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2008-жылы туулган О.А., рулду башкара албай калып, жашы жете элек жөө жүргүнчү, 2014-жылы туулган Б.Р.ны сүзүп кеткен. Андан кийин айдоочу бала бакчанын тосмосун сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 10 жашар кыз алган  жаракаттардан улам ошол жерден каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Байкабастыктан өзгөчө оор залалга, башкача айтканда, адам өлүмүнө алып келген жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Экспертиза дайындалып, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Унаанын айдоочусу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>