Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин башчысы Нурдан Орунтаев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевден тил укту.
Бүгүн, 9-октябрда парламенттин жыйынында депутат Марат Мураталиев өткөн жумада Таластын Көпүрө-Базар айылындагы оорукананын курулушун көрүүгө барганын, ал жактан чыккандан кийин Архитектура агенттигинин директорунун орун басары телефон чалып, эмнеге ал ооруканага барганы тууралуу сураганын, ал жакка киргенге болбой турганын билдиргенин айтып чыккан. Мураталиев төрага Нурлан Шакиевге кайрылып, бул маселеге көңүл бурууну суранган.
Депутаттын сөзүнөн кийин отурумга аталган агенттиктин башчысы нурдан Орунтаев чакырылган. Орунтаев депутат айткан маселеде түшүнбөстүк болгонун айтып, кечирим сурады.
«Талас облусундагы оорукана боюнча түшүнбөстүк болуп кетти. Мен орун басарыма чалып: «эмнеге депутаттар (ал жакта — ред.) биздин кызматкерлер жок жүрөт» деп айткам. Себеби аларды биз коштоп жүрүп, маалымат беришибиз керек. Ошондой эле сөз болгон. Түшүнбөстүк болгондугу үчүн өзүмдүн жана Архитектура агенттигинни жетекчилигинин атынан кечирим сурайм. Алдыда кандайдыр бир иш сапар учурунда объекттерди көрөбүз десеңиздер, бизге кабар берип койсоңуздар, биз бардык жерди көрсөтүп, түшүндүрүп бергенге даярбыз», — деди ал.
Орунтаевдин сөзүнөн кийин Шакиев аны сынга алып, «эрке бала» болуп кеткенин айтты.
«Айтылган сөз – атылган ок. Андай сөз болгондон кийин аны жымсалдатып айтыштын кереги жок. Болгонун болгондой айтыш керек. Бул кечирилгис чоң ката. Бүгүнкү жыйынга да келбей, орун басарыңызды жөнөтүптүрсүз. Атайын чакыруудан кийин келдиңиз. Сиз эмне өзгөчөсүзбү?! Сиз көп эркелебеңиз! Ар бир бийликтин тушунда сизге окшогон эрке балдар болгон. Ал эрке балдардын тагдыры эмне менен бүткөнүн билебиз. Учуру келгенде, биринчи эрке балдар жазаланат. Сиз мындай жүрүм-турумуңуз менен азыркы бийликке көлөкө түшүрбөңүз! Кыргызда жакшы сөз бар: «эркелесең эркеле, бирок чолчоңдобо». Чолчоңдобой, депутаттарга акыл үйрөтпөй жүрүңүз. Качан барышты, качан коюшту депутаттар өздөрү билет», — деди Шакиев.
Таластын Көпүрө-Базар айылында 98 млн сомго жаңы оорукана салынууда