Адылбек Касымалиев балык чарбаларын ата мекендик тоюттарды сатып алууга чакырдыБишкекте эркек кишини сабап, сексуалдык зомбулук көрсөтүшкөн — шектүүлөр кармалдыКыргызстанда Бажы жана Чек ара кызматтарынын жетекчилери алмашты — кимдер дайындалдыКүзгү жаан-чачын жана бийик тоолордо кар: 9-октябрга карата аба ырайыРИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайт
Кыргызстандык боксчулар Кытайдагы мелдеште эки алтын, төрт коло утту
09.10.2024 | 13:47
Кыргызстандык боксчулар Кытайдын Үрүмчү шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште 6 медаль утту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Медалдардын экөө алтын, төртөө коло. Алтын байгени Анвар Хожиев (48 кг) жана Санжар Сейдакматов (57 кг) уткан. Ал эми коло байгени Ислам Төрөбаев (57 кг), Мирзахид Имамназаров (63,5 кг), Сагын Сатыбалды уулу (80 кг) жана Бакыт Токтосун уулу (92 кг) тагынган.
Ошондой эле бүгүн, 9-октябрда 67 кг салмакта Алмаз Орозбеков алтын байге үчүн таймаш өткөрөт.