Сот бийликти сындап жүргөн 11 журналистке өкүм чыгарды

Сот бийликти сындап жүргөн 11 журналистке өкүм чыгарды

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Temirov Live’да мурда-кийин иштеген 11 журналистке өкүм чыгарды. Белгилүү болгондой, алар «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» айыпталып жаткан.

Кылым шамы коомдук фонду билдиргендей, сот журналисттердин төртөөнө жаза берип, жетөөнү актаган.

Temirov Live’дын директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле «Айт айт десе» долбоорундагы акын Азамат Ишенбеков 5 жылга абакка кесилди.

Temirov Live’дын журналисти Айке Бейшекеева менен «Алга Медианын» негиздөөчүсү, журналист Актилек Капаров күнөөлүү деп табылып, ошол эле учурда эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулду. Аларга 3 жылдык пробация берилди.

«ПолитКлиниканын» журналисти Тыныстан Асыпбек, «Нур прессте» иштеген Жоодар Бузумов, «Арча Медианын» журналисти Сайпидин Султаналиев, «Айт айт десе» долбоорунда иштеген Сапар Акунбеков, Temirov Live’дын кызматкерлери Акылбек Орозбеков, Жумабек Турдалиев жана Максат Тажибек уулу (мурда оператор болгон, азыр журналистикада иштебейт) акталды.

Эскерте кетсек, быйыл 16-январда ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’да мурда-кийин иштеген кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, андан кийин суракка алып кеткен. Алардын баары камакка алынган.

Кийинчерээк 11 журналисттин жетөө үй камагына чыгарылган. Актилек Капаров, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева өкүм чыкканга чейин камакта болду.

Милиция 11 журналистке тең «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» айыбын койгон.

Кармалгандардын баары бийликтеги адамдар, күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөлөрдү чыгарып, бийликке ачуу сын айтып келгени менен белгилүү.

Башкы сүрөт: Азаттык/Нурлан Бейшебаев

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>