Ош облусунун Кара-Суу районунда 13 баш мал уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 4-октярга караган түнү Кара-Сууда эки тургундун — биринин 7 баш малы, экинчисинин 6 баш малы уурдалган. Аларга жалпы 800 миң сом зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча «мал уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 28 жаштагы А.С. жана 24 жаштагы К.М. уулу аттуу жарандар кармалган.
Милиция билдиргендей, алар уурдалган малды коңшу өлкөгө сатып жиберген.