Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Ноябрда кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат
10.10.2024 | 17:40
Ноябрь айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Министрликтен белгилешкендей, беш күндүк график менен иштеген жарандар 7нен 10-ноябрга чейин эс ала алышат. 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болгондуктан, эс алуу күнү болуп саналат. Аталган күндөр төртүнчү жана бешинчи күнгө туура келет. Андан кийин эки дем алыш күнү бар. Ошентип жарандар 4 күн катары менен эс алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом