Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды
Кыргызстандын грепплинг боюнча курамасы дүйнө чемпионатында 14 медаль утту
11.10.2024 | 14:59
Кыргызстандын грепплинг боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы Казакстандагы дүйнө чемпионатында 14 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Медалдардын алтоо алтын, бирөө күмүш жана жетөө коло.
Жаштар арасында (U20):
- Алтын: Нурсултан Куштарбек уулу (Ги 66 кг);
- Коло: Нурайым Русланбекова (Ги 58 кг);
- Коло: Нурсултан Куштарбек уулу (НоГи 66 кг).
Балдар арасында (U-17):
- Алтын: Абдусомад Тынчтыкбеков (Ги 54 кг);
- Алтын: Рамазан Тянгубер (Ги 63 кг);
- Күмүш: Султан Русланбеков (Ги 69 кг);
- Коло: Рамазан Тянгубер (НоГи 63 кг);
- Коло: Ерасыл Махмедов (Ги 50 кг);
- Коло: Ерасыл Махмедов (НоГи 50 кг).
Кыздар арасында (U-15):
- Алтын: Саида Сабырова (Ги 40 кг);
- Алтын: Саида Сабырова (НоГи 40 кг);
- Алтын: Айканыш Искенова (Ги 57 кг);
- Коло: Альбина Жаныбекова (Ги 80 кг);
- Коло: Альбина Жаныбекова (НоГи 80 кг).
Эске салсак, чемпионат Астанада 7-октябрда башталган 12-октябрда жыйынтыкталат. Таймаштар өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында Ги менен НоГи түрлөрү боюнча өтүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом