Мобилдик тиркеме аркылуу акча которууда комиссия алууну токтотуу сунушталууда

Мобилдик тиркеме аркылуу акча которууда комиссия алууну токтотуу сунушталууда

Кыргызстанда мобилдик тиркеме жана интернет-банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу токтотулушу мүмкүн. Тиешелүү токтом долбоору Улуттук банк тарабынан демилгеленгенин анын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди.

Документ дээрлик эки айдан бери коомдук талкууда турат. Ага ылайык, мобилдик тиркеме жана интернет-банкинг аркылуу электрондук капчыкка, картадан картага, банктык эсепке сом менен акча которгондо комиссия кармап калууга болбойт. Бул бир банктын ичиндеги жана банктан банкка жасалган акча которууларга тиешелүү.

Улуттук банк белгилегендей, учурда «Элкарт» карталары менен өлкө ичиндеги банктар ортосунда акча которууда комиссия (0 сомдон) 150 сомго чейин кармалып калат. Аталган токтом долбоору кабыл алынса, бул өндүү комиссия алуулар токтойт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>