Токмокто мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга чыгармачылык үйүн уюштуруу үчүн имарат сатып алууга 300 миң сом жетпей жатат. Бул тууралуу «Арт инклюзив» коомдук фондунун директору Жылдыз Казиева билдирди.
Анын айтымында, Токмокто көп жылдан бери «Арт инклюзив» программасы иштеп келет. Алар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын чыгармачылык жөндөмүн ачууга, бул жашоодо өз ордун табууга жардам берип келишет. Ал жактан балдар кийизден панно, топ жасап үйрөнүшөт, алар үчүн реабилитациялык сабактар өткөрүлөт.
Учурда балдарга сабактар ижара алынган имаратта өткөрүлүп келет. Бирок программаны өнүктүрүү үчүн Токмоктон имарат сатып алуу пландалууда. Азыркы тапта аны сатып алууга 300 миң сом жетпей жатат. Мындан улам фонд кайдыгер эмес жарандарды каражат чогултууга колдоо көрсөтүүнү суранат.
Акча которуу үчүн эсептер:
* Мбанк: 0552 189 333 (Жылдыз К.)
* РСК банк: 9417089032412778 (Zhyldyz K)