Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Мыктыбек Оролбай уулу UFC’деги алгачкы жеңилүү ызасын тартты
26.10.2024 | 23:38
Абу-Дабиде өтүп жаткан UFC 308 турниринде кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу поляк Матеуш Ребецки менен беттешти.
Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын пикирлери экиге бөлүндү: бири 29-28 эсеби менен Оролбай уулуна жеңишти берсе, калган экөө ушундай эле упайларды Ребецкинин пайдасына берип, ал жеңүүчү деп табылды.
Оролбай уулу үчүн бул UFCде катары менен эки жеңиштен кийинки биринчи жеңилүү болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт