Социалдык келишим түзгөн 34 үй-бүлө 200 миң сомдон үстөксүз насыя алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Белгилүү болгондой, Кыргызстанда 2022-жылдан тарта социалдык келишим долбоору киргизилген. Ага «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алып жүргөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катыша аталган. Алар министрлик менен келишим түзүп, жөлөкпул алуудан баш тартат. Анын ордуна министрлик аларга иш ачуу үчүн 100 миң сомдон берет. Бүгүнкү күнгө карата 18,4 миңден ашык үй-бүлө социалдык келишим түзгөн.
Буга чейин, өз бизнесин ачып, ийгиликтүү иш жүргүзүп жаткандарга 200 миң сомдон пайызсыз насыя берилери кабарланган.
Азыркы тапта бул акчаны 34 үй-бүлө алды. 200 миң сомду үч жылдын ичинде кайтаруу керек. Акчаны алгандан кийинки биринчи үч айда жеңилдик каралып, насыя төртүнчү айдан баштап төлөнөт.
Программага катышуу үчүн «Айыл Банк» ААКка жана «Элдик банкка»кайрылуу зарыл.
Каржы министри «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун акчасын көтөрүүнү колдобойт (видео)