19-февраль: Өлкөдө күн ачык жана жылуу болотОштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылды
Бишкекте автобус менен жеңил унаа сүзүштү (видео)
01.11.2024 | 15:03
Бишкекте бүгүн, 1-ноябрда эл ташыган №216 каттамдагы автобус менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсык болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэриянын маалыматы боюнча, жол кырсык эртең менен саат 09:15тер чамасында болгон. Автобус Айни көчөсү менен (башкы жолдо) чыгышты көздөй бараткан. Ал Шота Руставели көчөсүнө жеткенде, Nissan унаасы аны өткөрбөй сол капталын сүзгөн. Анын айынан автобус жол жээгинде турган унааны сүзүп токтогон.
Жол кырсыктан жабыркагандар бар. Бул факт боюнча Милициянын кайгуул кызматы териштирүү иштерин баштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом