Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды
Кыргызстанга бир нече мамлекеттин президенттери келет
01.11.2024 | 17:15
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммити өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Саммитт 6-ноябрда “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана жалпы коопсуздук” темасы алкагында өтөт.
Бул иш-чарага уюмга мүчө Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстандын президенттери жана уюмдун байкоочусу болгон өлкөлөрдүн лидерлери келет.
Саммиттин жыйынтыгы менен 2025-жылы Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом