Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Бишкекте Чокморовдун 85 жылдыгына карата конференция өтөт
03.11.2024 | 19:46
Бишкекте белгилүү кыргыз актеру, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 85 жылдыгына карата илимий конференция өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Иш-чара 5-ноябрда борбор калаадагы №9 музыкалык мектепте өтөт.
Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда жарык дүйнөгө келген, 1992-жылы 26-сентябрда көз жумган. Ал СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, Кыргызстандын эмгек баатыры (каза болгодон кийин, 2024-жыл) наамдары менен сыйланган.
Ал “Караш-Караш окуясы”, “Жамийла”, “Кызыл алма”, «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» жана башка тасмаларда ойногон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом