Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен унаа изделүүдө. ӨКМдин маалымат кызматынан билдиргендей, кырсык тууралуу маалымат 30-июнь күнү саат 10:00 чамасында түшкөн.
“Жоголгон унааны издөөгө бүгүн ӨКМден 97 куткаруучу тартылды. Мындан башка 20 жергиликтүү тургун издеп жатат. Ал эми унаанын ичинде канча адам болгону ИИМ тарабынан такталууда”, — деди ӨКМден.
Ал эми Turmush.kg сайты Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси үй-бүлөсү менен 30-июнь күнү Суусамырга, Кожомкул балбандын 130 жылдыгына кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын жазып чыккан.