ЖКнын депутаттары Исаев менен Зулпукаров Москвага барып Бабанов менен жолугуп келишти

ЖКнын депутаттары Исаев менен Зулпукаров Москвага барып Бабанов менен жолугуп келишти

Кечээ, 1-июлда Москва шаарында Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров жана Канат Исаев саясатчы Өмүрбек Бабанов менен жолугушкан. Бул тууралуу ишенимдүү булактарга таянуу менен жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Мындан тышкары  Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов дагы алардын чогу түшкөн сүрөттөрүн твиттердеги баракчасына жүктөгөн.

Ишенимдүү булактардын маалыматына караганда Москвадагы «Украина» мейманканасына барган депутаттар Өмүрбек Бабанов менен эки сааттай барлашкан.

«Сүйлөшүүлөр Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу болгон. Сыртынан кылмыш иши ачылган саясатчы Өмүрбек Бабановго бийлик тараптын сунуштар айтылган. Ал болсо, парламенттин төрагалыгын өз партиясына берүүнү, өкмөттүн 70 пайыз курамын түзүүнү шарт койгон жана алар аткарылса көлөмдүү инвестиция тартып берээрин да ишарат кылган», — деп билдирген ишенимд булактар.

Ошондой эле белгисиз кыргыз жигитинин Бабанов жана Зулпукаров менен бир учурда түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>