Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Кыргызстан менен Түркия кино жана сериалдарды биргелешип тартат
06.11.2024 | 13:47
Кыргызстан менен Түркия биргелешип кино жана сериалдарды тартууга киришет. Бул тууралуу маданият министри Алтынбек Максутов Бишкектеги Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинин алкагында билдирди.
Министрдин айтымында, эки өлкө ортосунда аудиовизуалдык продукция өндүрүү боюнча кызматташуу келишими түзүлдү.
«Бул келишим Түркия менен биргелешип кинотасмаларды, видеоматериалдарды жана сериалдарды тартууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле биз тажрыйба алмашабыз, бул глобалдык кинопродукция тармагында өзгөчө мааниге ээ. Жакында эле Италия менен ушундай эле келишимге кол койгонбуз», — деп белгиледи Максутов.
Министр билдиргендей, Кыргызстанда киноиндустрияны каржылоо жыл сайын көбөйүүдө. Быйыл ал 1 миллиард сомго жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом