Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Эрдоган Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды орток алфавитке өтүүгө чакырды
06.11.2024 | 17:05
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды орток алфавитке өтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-ноябрда Бишкек аталган уюмга кирген өлкөлөрдүн башчыларынын жыйынында билдирди.
Ал Түрк академиясы жана түрк тили уюму быйыл орток алфавит түзүү ишин бүткөрүп, ага 34 тамга киргенин айтты. Сөзүн улай ал орток алфавит түзүү аракети орток тилди өнүктүрүү үчүн жасалып жатканын билдирди.
Эрдоган Азербайжан, Түндүк Кипр Түркия мамлекети (расмий түрдө Түркия гана тааныган өлкө), Түркия орток алфавитке өтүүгө белең экенин айтып, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды орток алфавитке өтүүгө чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом