Аламүдүн районунда 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыБалдарды мите курттардан кантип коргоо керек: Бишкектеги адистердин сунуштарыНарын облусундагы кен казуучу компаниялар суу үчүн 1,2 миллион сом төлөштүБишкекте кыргыз театрынын тарыхы тууралуу 2 томдук китептин бет ачары өттүЧет өлкөгө жумушка жөнөткөн агенттиктер: кимдер уруксат алды, кимдерге баш тартылды?Кыргызстандын кинотеатрларына 4 миллиондон ашык көрүүчү барды, театрлар 1 931 спектакль койду
Ош шаарында курулуп жаткан «Келечек» базары мартта пайдаланууга берилет
17.02.2026 | 15:40

Ош шаарында курулушу жүрүп жаткан жаңы «Келечек» базарын март айында пайдаланууга берүү пландалууда. Учурда курулуш иштери жыйынтыктоочу баскычка жетти.
Ош мэриясынын маалыматында, азыркы тапта имаратты ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүрүп, инженердик коммуникациялар туташтырылууда. Соода жайларынын ээлери павильондорду иретке келтирип, жабдууларды орнотуу жана товарларды жайгаштырууга даярдык көрүп жатышат.
Ошондой эле базардын аймагын көрктөндүрүү, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана коопсуздук талаптарын камсыздоо иштери жүрүп жатканы айтылды.
Эске салсак, буга чейин Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев соодагерлер жаңы «Келечек» базарына 1-марттан тарта көчүрүлө баштаарын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом