Нарында кой кезүүгө кетип жоголгон жарандын сөөгү табылды

Нарында кой кезүүгө кетип жоголгон жарандын сөөгү табылды

Нарында кой кезүүгө кетип дайынсыз жоголгон Болот Карыпбековдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маркумдун сөөгүн ИИМдин кызматкерлери кызматтык иттин жардамы менен Жумгалдын аймагында Көкөмерен суусунун боюнан тапкан.

Учурда маркумдун уулун издөө иштери жүрүүдө.

Министрлик билдиргендей кинологдор издөө иштерине 11-ноябрда тартылган.

Эскерте кетсек, Жумгалдын Өрнөк айылынын 49 жаштагы тургуну Болот Карыпбеков менен 9 жаштагы уулу 16-октябрда кой кезүүгө кетип, кийинчерээк байланышка чыкпай калышкан. ӨКМ билдиргендей, ата-баланын дайынсыз болуп жатканы тууралуу аларга 19-октябрда кабарланган. Издөө иштери ошол күнү башталып, ата-бала азыркыга чейин табыла элек.

Алардын атынын өлүгү Көкөмерендин жээгинен табылгандыктан, ата-бала сууга агып кеткен деп болжолдонгон.

19-октябрдан бери жүргүзүлгөн издөө жыйынтык бербегендиктен 13-ноябрда ӨКМ издөө иштеринин активдүү фазасы токтотулганын кабарлаган. Издөө иштерин ӨКМдин, ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышып жаткан.

Нарында дайынсыз жоголгон ата-бала табылбай, издөө иштеринин активдүү фазасы токтотулду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ Нарын

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>