Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин маалыматы боюнча окуя 7-ноябрда болгон. Көчөдө бараткан милиция кызматкерине жарандар кайрылып, бир үйдүн батиринде бычакталган адам тууралуу айтышкан. Ал кызматкер дароо күзөт бөлүмүнө жана «102» кызматына кабар берген.
Жерине кошумча милиция кызматкерлери келгенде, окуя болгон жерден мас абалындагы адам чыгып, колундагы бычагын ыргытып, качууга аракет кылган. Бирок милиция аны үйдүн кире беришинен кармаганга жетишкен. Ал эми батирдин ичинен маркумдун сөөгү табылган.
Кармалган киши мурда соттолгон 45 жаштагы жаран (А.Л.) болуп чыккан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш ортодо чыккан чырдан улам жасалган.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.