Бишкек: Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн боюндагы 1400 терек кыйылат (видео)

Бишкек: Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн боюндагы 1400 терек кыйылат (видео)

Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн боюндагы ак теректер кыйылат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган теректер 1972-1975-жылдары тигилип, дээрлик картайган. Алар авариялык абалга келип, бир күнү шамалдан кулашы да ыктымал. Мындан улам жолдогу унааларга же тротуарда бараткан жарандар үчүн кооптуулук жаратат.

Айтматов көчөсүндө баш-аягы 1400 терек кыйылат. Алгач 200 терек алынат деп пландалууда. Кыйылган теректердин ордуна клен, ак кайың сыяктуу бактар, алардын жандарына бадалдар тигилет. Ошондой эле эки катар турган бактардын ортосуна веложол салуу пландалууда.

Мэр Жунушалиев теректерди кыюу боюнча Ботаникалык бакчанын, Токой чарбасынын, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү менен акылдашып чечим кабыл алышканын айтты.

Илимдер академиясынын өкүлдөрү да теректер картайганын, аларды кыйып, башка бактарды тигүү керектигин билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>