Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Ооган-Талаа айылында 110 млн сомго жаңы оорукана салынды
15.11.2024 | 17:57
Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында 60 орундуу оорукана салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Оорукананын ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кенештин депутаты Таалайбек Масабиров, Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов жана жергиликтүү тургундар катышты.
“60 орунга эсептелген эки кабаттуу оорукананы курууга республикалык бюджеттен 110 млн сом бөлүнгөн. Жаңы медициналык мекемеде терапия, төрөт жана гинекология бөлүмдөрү, ошондой эле балдар бөлүмү бар. Оорукана дарт аныктоо жана бейтаптарды дарылоо үчүн зарыл болгон бардык заманбап жабдуулар менен камсыз болгон”, – деп билдирет министрлик.
Бул ооруканада Ооган-Талаанын жана жакынкы айылдардын тургундары көрүнө алат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом