Кыргызстанда тигүүчүлөр жана селлерлер үчүн салык нөлгө түшүрүлүшү мүмкүнАйыл чарба министрлиги менен Италиянын FederUnacoma федерациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту«Бишкек» ЭЭА Кытайда өкүлчүлүк ачып, кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койдуКиберчабуулдар жана маалыматтардын сыртка чыгып кетиши ВИЧтин алдын алууга жана дарылоого тоскоол болуудаСергей Волков: КРСУнун азыркы окуу корпустары мектептер жана колледждер үчүн пайдаланылатДепозиттер, кепилдиктер жана тобокелдиктер: аманатчылар эмнени билиши керек?
УКМК: Аламүдүндө 110,8 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды
15.11.2024 | 18:44
Чүйдүн Аламүдүн районунда баасы 110 млн 843 миң сом болгон бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, мурда ал бала бакчанын имараты “Эдельвейс-трикотаж” акционердик коомуна таандык болгон. Бирок 2000-жылы ал сот тарабынан банкрот деп таанылып, имарат менен анын жери Октябрь айыл өкмөтүнө өткөн.
Бирок 2008-жылы ал мыйзамсыз жол менен жеке менчикке берилип кетип, учурда тигүү цехи катары колдонулуп жаткан.
УКМК бидиргендей, быйыл сентябрдын аягында мүлк ээлери имаратты менчикте кармап отурганы мыйзамсыз экенин түшүнүп, өз ыктыяры менен айыл өкмөткө өткөрүп берген.
Бала бакча менен ага караштуу жердин аянты 1,2 гектарды түзөт.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом