Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого небереси менен келип добуш берди.
Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №71 орто мектепте жайгашкан №1142 шайлоо участкасында добуш берди.
Белгилей кетсек, кыргызстандыктар депутаттарды 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерге шайлоо өтүүдө. Жалпысынан шайлоого 39 партия аттанып, 4 928 талапкерди көрсөтүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз