Бишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан үчүн деңизге чыгууга жол ачылат. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койдуСаясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты“Росатом” 2026-жылы Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну баштаганы жататКазакстанда 16 жашка чейинкилерге соцтармактарга катталууга тыюу салуу сунушталды. Бул мессенжерлерге тиешелүү эмес
Быйыл 9 айда жарандар чакан кредиттик мекемелерден 47 млрд сом насыя алган
19.11.2024 | 12:38
Кыргызстанда быйыл 9 айда жарандар чакан кредиттик мекемелерден 47 млрд сомдон ашык насыя алган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Чакан насыя алган адамдардын саны 918 миңден ашып, ал былтыркы жылдын 9 айына караганда 1,7 эсеге өскөн. Насыяны эң көп Бишкектин (26%), Ош (16%), Жалал-Абад (14%) жана Чүй облустарынын тургундары (13,5%) алган.