Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» өткөрмө бекетинин иштөө режимин өзгөртүү тууралуу макулдашуу ратификацияланды. Тиелешүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Кыргызстан менен Казакстандын макулдашуусу боюнча, мурда күндүз гана иштеген «Каркыра» өткөрмө бекети эми күнү-түнү иштөө режимине өтөт.
«Каркыра» өткөрмө бекети Ысык-Көлдүн Түп районунда жайгашкан. Ал негизинен жаз айларында ачылып, күзгө чейин иштейт.