Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды

03.03.2026 | 15:31
Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 3-мартта, Бишкек шаарында мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борбордун курулушу башталды. Курулушка мезгил кутусун салуу аземине мэр Айбек Жунушалиев жана маданият министри Мирбек Мамбеталиев катышты.

Жаңы маданий борбор үч кабаттан турат. Имараттын жалпы аянты 2 490 чарчы метрди, ал эми жер тилкеси 0,4 гектарды түзөт. Долбоордо төмөнкүлөр каралган:

  • 420 орундуу кинотеатр;
  • 330 орундуу көргөзмө залы;
  • музыкалык жана театрдык класстар;
  • фуд-корт зоналары;
  • 92 унаага ылайыкталган жер алдындагы токтотуучу жай.

Бишкек шаарынын мэри бул аймакка турак жай курулбай турганын жана объект сентябрь айында пайдаланууга берилерин билдирди. Курулуш иштери Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан каржыланууда.

Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды — Новости Кыргызстана

«Чатыр-Көл» кинотеатры 1967-жылы ачылган. 2010-жылы имарат улутташтырылып, «Учур» мамлекеттик жаштар театрына өткөрүлүп берилген. 2025-жылдын 5-ноябрында имаратта өрт кырсыгы катталып, объект жабыркаган. Окуядан кийин муниципалитет анын ордуна жаңы маданий борбор куруу чечимин кабыл алган.

Scroll to Top