УКМК чет элдик адам шпионаж жасоого айыпталып соттолгонун билдирдиКыргызстанда суу менен камсыздоо тармагына инвестиция эки эсе өстүБаткендин Зардалы айылына алып барчу унаа жол жакында ачылатЧукул кабар! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтМоскванын мэри мигранттарды сындагандарга «колуңарга шыпыргы алгыла» деди: оор жумушта иштегендер жетишсиз болуудаБакуда КРдин айыл чарба министри Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолукту
Атайын кызмат: УКМКнын төрагасына кол салууну көздөгөн Көлбаевдин адамы кармалды (видео)
20.11.2024 | 12:03
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кол салууну пландап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Руслан Дүйшеев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 41 жаштагы Руслан Дүйшеев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп, Бостери айылын караган. Мурда адам өлтүрүү, каракчылык беренелери боюнча бир нече жолу сотолгон. Ал кримчөйрөдө Рус Коен же Руслан Бостери деген каймана аттары менен белгилүү.
Ал буга чейин издөөдө болуп, УКМКнын жетекчилигине кол салууну пландап жүргөн.
Дүйшеев 16-ноябрда Токтогул районунда жашырынып жүргөн жеринен колго түшүрүлгөн.
Ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.