Бишкек менен Ошто майып балдар үчүн стоматология бөлүмдөрү ачылдыМинистрлик мектептерде стоматология бөлмөлөрүн ачуу пландоодоЖогорку Кеңешке шайлоо. Каирде биринчи жолу шайлоо тилкеси ачылатОш шаарында таза суу бир суткага өчүрүлөтЧүйдөгү №2 аялдар абагындагы кемчиликтер жоюлуп, шарттар жакшыртылдыБишкекте 63 жаштагы аял жол кырсыгынан каза болду. Айдоочу изделүүдө
Ошто унаасын чимирилтип айдаган жигит айыпка жыгылды (видео)
24.11.2024 | 10:34
Ош шаарында BMW 316 үлгүсүндөгү унаасын чимирилтип айдаган жаран айыпка жыгылды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарында жаран BMW 316 үлгүсүндөгү унаасын чимирилтип айдап, коомго коркунуч алып келүү менен автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.
Бул факты боюнча Ош шаардык кайгуул кызматкерлери унаанын 2003-жылы туулган К.М. аттуу айдоочусуна 15 миң сом айып салышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар