Кыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз НасыровКыргызстан Кытайдын улуттук ири мунай корпорациялары менен кызматташууну тереңдетүүдөБазар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келетКыргызстанда күздүк дан өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү сатыкка чыкты
Чүйдөгү №2 аялдар абагындагы кемчиликтер жоюлуп, шарттар жакшыртылды
21.10.2025 | 15:00

Акыйкатчы институту Чүй облусунун Степное айылындагы №2 түзөтүү абагында мониторинг жүргүзгөндөн кийин мекемедеги жашоо шарттары жакшыртылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Мониторинг маалында соттолгон аялдар тамак-аштын сапатына, медициналык тейлөөнүн начардыгына жана гигиеналык шарттардын жетишсиздигине нааразы болушкан. Ошондой эле канализация иштебей турганы, ысык суу жана балдар үчүн керектүү каражаттар жетишсиз экени аныкталган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мыйзам бузууларды жоюу жана энелер менен балдардын укуктарын камсыздоо боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кат жөнөткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом