Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте өзгөчө кырдаалдарга даярдык текшерилүүдөСадыр Жапаров Такаити Санаэни Жапониянын премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады7-8-ноябрда иш күнү бир саатка кыскартылатАйдоочулар кышка даярдангыла: ЖКККББ унааларды өз убагында текшерүүгө чакырды
Кыргызстанда бир жумада 221 мас айдоочу кармалды
25.11.2024 | 15:52
Кыргызстанда бир жумада 221 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 18нен 24-ноябрга чейин өлкөдо 19 миң 378 жол эреже бузуу катталып, 1 миң 584 унаа айып короого коюлган.
Апта ичинде аныкталган жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 миң 108;
- Мас абалында унаа айдагандар – 221;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 581;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 44;
- Автоээнбаштык – 9;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 миң 302;
- Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 9;
- Башка жол эреже бузуу фактылары – 11 миң 40;
Рубрики: Жаңылыктар, Коом