Бишкекте Союз маалында салынган эски үйлөрдү бузуу пландалууда

Бишкекте Союз маалында салынган эски үйлөрдү бузуу пландалууда

Советтер Союзу учурунда салынган үйлөрдү бузуу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев УТРК каналына билдирди.

Анын айтымында, Сталин жана Хрущевдун маалында салынган тамдардын ордуна жаңыларды салса, алар турган жерге эле көп үйдү батырууга болот.

«Сталин, Хрущевдин учурунда салынган үйлөр көп. 500 батир эле канча бир гектар жерди ээлеп турат. Жаңы технологиялар менен үй кура турган болсок, ал жерге 100 миң чарчы метр батир салууга болот. Бул заман талабына ылайык жаңылануу болуп эсептелет», — деди ал.

Эски үйлөрдү бузуу үчүн мыйзам кабыл алынып, түрттүрүлө турган үй ээлерине кенемте төлөнөрү айтылды.

Аталган маселе борбор калаадагы жердин жетишсиздигинен улам көтөрүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>