Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Корея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант берет
06.03.2026 | 10:04

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кореянын «K-water» суу ресурстарын башкаруу корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, шаарды таза суу менен камсыздоо тармагын интеллектуалдык башкаруу долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.
Долбоордун жалпы наркы 10 млн долларды түзөт. Бул каражат кайтарымсыз грант түрүндө берилет.
Долбоордун алкагында төмөнкү иштер аткарылат:
- Озгур суу тазалоочу станциясын жаңылоо;
- Суу менен камсыздоо системасын санариптик жана интеллектуалдык башкаруу технологияларына өткөрүү;
- Мекеменин операциялык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү;
- Инфраструктураны жаңылоо жана адистердин квалификациясын жогорулатуу.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду ишке ашыруу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом