Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
УКМК Ташовдун жактоочусу Матцаковду кармаганын четке какты
29.11.2024 | 14:14
УКМК “жактоочу Самат Матцаковду кармап, үйүндө тинтүү жүргүзгөнү” тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы Reporter.kg’ге билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова УКМК Матцаковдун үйүндө тинтүү жүргүзүп жатканы тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына жазган. Ошондой эле башка укрук коргоочу Эркина Мукаш жактоочу кармалганы тууралуу билдирген.
Макцаковдун өзү менен байланышууга мүмкүн боло элек.
Белгилей кетсек, Самат Матцаков – “бийликти күч менен басып алууга аракет кылууга” айыпталган Имамидин Ташовдун, «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» беренеси боюнча абакка кесилген акын Аскат Жетиген жактоочусу.