Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды
УКМК Ташовдун жактоочусу Матцаковду кармаганы кабарланды
29.11.2024 | 13:30
УКМКнын кызматкерлери жактоочу Самат Матцаковду кармап, үйүндө тинтүү жүргүзүп жатканы кабарланды. Бул тууралуу укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Эркина Мукаш билдирди.
Азырынча жактоочунун эмне себептен кармалганы белгисиз. Матцаковдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
УКМКнын басма сөз кызматы аталган маалыматты тактап берерин билдирди.
Белгилей кетсек, Самат Матцаков “бийликти күч менен басып алууга аракет кылууга” айыпталган Имамидин Ташовдун, «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» беренеси боюнча абакка кесилген акын Аскат Жетиген жактоочусу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом