БШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржыладыМихаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө өтөт
Бишкекте $12 миң салынган сумкасын жоготкон жаранга акчасы кайтарылды (видео)
02.12.2024 | 14:17
Бишкекте 12 миң доллар салынган сумкасын “Унаа” мекемесинин бөлүмүндө калтырып кеткен жаранга акчасы кайтарылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Окуя 28-ноябрда болгон. Бир жаран унаасын сатып, акчаны сумкасына салып, бирок аны күтүү залында унутуп кетип калган. Сумканы бир киши көрүп калып, мекеменин кызматкерлерине тапшырган.
Ал эми кызматкерлер сумканын ээсин издеп таап, акчасын кайтарган.
“Унаа” мекемеси кайдыгер карабай, жоголгон сумканы алардын кызматкерине кайтарып берген жаранга ыразычылык билдирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом