Сузактагы бала бакчадагы балдардын сабылышы: Үч берене боюнча кылмыш иши козголду

Сузактагы бала бакчадагы балдардын сабылышы: Үч берене боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абаддын Сузак районундагы №1 Кенжетай балдар бакчасында балдардын тарбиячылар тарабынан сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, тарбиячылар балдарга ырайымсыз мамиле жасап, уруп-сабап келген. Бул боюнча ата-энелер бала бакчанын жетекчисине кайрылганына карабай, ал эч кандай чара көрбөй, көңүл кош мамиле жасап койгон.

Андан тышкары бала бакчанын кызматкерлери ата-энелерден мыйзамсыз түрдө акча чогултуп жүргөн.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо), 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 348-беренеси (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү Жалал-Абад облустук милициясына тапшырылган.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Сузактагы №1 Кенжетай балдар бакчасында тарбиячылар балдарды сабап жатканы тартылган видео тараган. Ошондой эле балдар үчүн тамак жасалган ашканадагы санитардык абалдын начардыгы көрсөтүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>