Кыргызстандын каратэ боюнча курамасы Москвадагы турнирде 12 медаль утушту

08.12.2024 | 12:47

Кыргызстандын ашихара каратэ боюнча курама командасы Москвада өткөн Moscow Grand Slam IKKF 2024 эл аралык турниринде 12 медаль жеңишти.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, кыргызстандыктар 8 алтын жана 4 күмүш медалга ээ болушту.

Турнирге 11 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышты. Кыргызстандыктар жалпы командалык экинчи орунду ээледи.

Full contact жана кумитэ боюнча жеңүүчүлөр:

Алтын медаль уткандар жана жеңүүчүлөр:

– Анастасия Ивашова (8-9 жаш 25 кг);

– Мария Анищенко (14-15 жаш 50 кг);

– Владислав Мироненко (14-15 жаш 45 кг);

– Чыңгыз Камилов (14-15 жаш 65 кг);

– Байел Калыбеков (14-15 жаш 75 кг);

– Залкар Шаршенбеков (16-17 жаш 60 кг);

– Эрбол Бейшенбеков (16-17 жаш 70 кг);

– Адил Эгембердиев (16-17 жаш 90 кг).

Күмүш медаль уткандар жана жеңүүчүлөр:

– София Анищенко (12-13 жаш 35 кг);

– Ким Ангелина (18 жаш 75 кг);

– Руслан Рыжов (16-17 жаш 60 кг);

– Тариэл Тургуналиев (16-17 жаш 70 кг).

[image_carousel source=”media: 216414,216415,216416,216417,216418,216419,216420,216421″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top