Өкмөт башчы Акылбек Жапаров 11-13-декабрь күндөрү жумуш сапары менен Москва шаарына (Россия) барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жапаров жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.