Садыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташтык маселелерин талкуулаштыЫсык-Көлдөн 6 миң метрден ашуун синтетикалык тор чыгарылдыОрусиянын элчиси Сергей Вакунов: «Этникалык негиздеги жаңжалдар — бул иш жүзүндө мамлекеттин өлүмү»Адылбек Касымалиев ЕАЭБ жыйынында миграция жана логистика маселелерин көтөрдү«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулатЖайыл районунда тогуз жетим балага жер тилкелери берилди
Суучул Денис Петрашов дүйнө чемпионатында 4-орунга татыды
13.12.2024 | 09:22
Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында төртүнчү орунду ээледи.
Ал брасс стилинде 100 метр аралыктагы жарышка катышты. Финалда маарага 55,96 секундда келип, жыйынтыгында төртүнчү орунга татыды.
Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан жана төртүнчү орунду ээлеген биринчи кыргызстандык спортчу болуп калды.
Ал алдыда брасс стилинде 200 метр аралыктагы жарышка катышат.
Мелдеш Будапештте өтүүдө.