Бир жылда “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандар 17,5 миңге азайды

13.12.2024 | 17:37

Кыргызстанда “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандардын саны азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2023-жылы өлкөдө 83 миң 824 үй-бүлө аталган жөлөкпулду алган болсо, быйыл 66 миң 265 үй-бүлө алууда. Жөлөкпул алгандардын саны бир жылда 17 миң 559га азайган. Тактап айтканда, былтыр муктаж үй-бүлөлөрдөгү 284 миң 794 бала 1,4 миң сомдон алып келсе, учурда 231 миң 691 бала жөлөкпул алууда.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган үй-бүлөлөр үчүн “Социалдык келишим” программасы иштеп келет. Ага катышкандар 3 жылга жөлөкпул алуудан баш тартып, өз алдынча иш ачуу үчүн 100 миң сомдон алат.

Scroll to Top