Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Кытай Кыргызстандан гилас импорттоого кызыктар
13.12.2024 | 18:09
Кытай Кыргызстандан гилас импорттоого кызыктар. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрлик маалымдагандай, кокон гилас саткан ишкерлер менен Кытайдын Guangzhou Jiangnan Food Supply Chain Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү онлайн жолугушуу өткөргөн. Анда коңшу мамлекетте жакшы сапаттагы мөмөлөргө, анын ичинде гиласка суроо-талап өсүп жатканы айтылган.
Жолугушууда кыргызстандык ишкерлер гиласты канчалык көлөмдө сата алары, гиластын кайсы түрлөрү бар экенин айтып беришкен.
Кытайлык компания келерки жылы гиласты сыноо иретинде импорттой баштоону сүйлөшүшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом