УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди.
Ал келерки шайлоодо президент Садыр Жапаровду колдой турганын айтты.
«Башка кимди президент кылып тандайбыз? Бекназаровдубу, Равшан Жээнбековдубу? Кайра Атамбаевди президент кылып алып келебизби?», — деди ал.
Ташиев Садыр Жапаров азыркы президенттик мөөнөтүнөн кийин дагы эки мөөнөткө шайлана аларын, ага мыйзам жол берерин билдирди.